Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Аба ырайы


БИШКЕК. Метеорология борборунун маалыматы боюнча, 27-октябрда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Чыгыш тараптан салкын жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, күндүз +13…+18 градус. Талас дубанында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +12…+17 градус. Жалалабат, Ош, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18 градус. Көл кылаасында түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу болот. Ал эми күндүз абанын жылуулугу +10…+15 градуска жетет. Нарын жергесинде түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, күндүз +9…+14 градустун айланасында.

Бишкек шаары боюнча күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн +1…+3, күндүз +15…+17 градус жылуу болушу күтүлөт.

Күндүн узактыгы: 10 саат, 30 мүнөт.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG