Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Төрт айдан бери Анжияндагы абакта отурган кыргызстандык милиция кызматкери бошотулду


БАТКЕН. Кыргыз милиционерине Өзбекстандын Конституциясынын 223-беренесинин негизинде чегараны мыйзамсыз басып өткөн деген айып тагылган. Төрт айдан бери Анжиян облусунун Улуттук коопсуздук башкармалыгында кармалып турган Алдаяр Советбек уулун өзбек тарап ушул күнгө чейин жакындары менен бир да жолу жүздөштүргөн эмес. Ал эми акыркы күндөрү аны Хажабаддагы түрмөгө которушкан болчу. 25-октябрь күнү Анжиян облусунун Хажабат районунда Алдаяр Советбек уулунун үстүнөн өткөн сот жараянынын негизинде чегараны мыйзамсыз басып өткөн деген айып тагылып, соттун чечиминин негизинде кыргыз милиционерине 470 миң өзбек суму айып салынган. Мындай кабар 26-октябрь күнү Алдаярдын эжеси Майрам Нышановадан алынды.

XS
SM
MD
LG