БИШКЕК. Бишкек шаарындагы тарых музейинде Түркия менен Кыргызстан ишканалары биргелешип чыгарган товарлардын көргөзмөсү ачылды. Анын ачылышына Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Фатма Фербиль Алпман жана өнөр жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев баштаган эки өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Атамбаев көргөзмөнүн ачылышын Бишкек коомчулугунда чыңалуу болуп турган шартта Түркия тарабынан сөз менен эмес, иш менен жардам берүү деп баалады. Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билдиргенине караганда, 1992-жылы түзүлгөн эки тараптуу макулдашууга ылайык, Кыргызстанда 130 фирма иштеп жатат. Алар экспорттогон товардын өлчөмү 33 миллион долларды, салыкка төлөгөн каражаттын өлчөмү 11 миллион долларды түзөт.