ОШ. Өткөн жекшембиден бери Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдында нааразылык акциясына чыгышкан адамдардын саны жергиликтүү талдоочулардын байкоосу боюнча 200-300 айланасында болуп жатат. Нааразылык акциясынын катышуучулары борбордук аянтка беш бозүй тигишип, тамак-ашты жеринде уюштура башташты. Депутат Тынычбек Акматбаевдин атып өлтүрүлүшүндө саясий боек бар деген пикирде нааразылык митингине чыгышкан адамдар бүгүн депутаттын агасы Рысбек Акматбаевдин Ош шаарына келишин күтүштү. Бирок белгисиз себептерден улам Рысбек Акматбаев митингчилердин алдына келген жок. Ош шаарындагы нааразылык акциясынын лидерлеринин бири Айтмамат Кадырбаев коюлган талаптар жакынкы күндөрү аткарылбаса Бишкекке жөө жүрүшкө чыгышаары мүмкүн экендигин белгиледи.