Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:12

Акүйдүн алдында дагы бир нааразылык акция болду


БИШКЕК. 26-октябрда Акүйдүн алдына баш аягы эки жүздөй адам нааразылык акциясына чыгышты. Алар Бишкектин Октябрь районуна караштуу Каражыгач айылынан жер бөлүп берүүнү талап кылышууда. Нааразылык акциясынын катышуучулары жергиликтүү бийлик аларга президенттик шайлоого чейин жер бөлүп берүүнү убада кылып, аны аткарбай жаткандыгына нааразылык билдиришти. «Биз жер бөлүп берүүчүлөргө жана жергиликтүү бийликке да ишенбейбиз» дешкен нааразылык акциясынын катышуучулары бул маселе боюнча мамлекет башчы менен жолугушууну талап кылышты. Нааразы тарап менен бул күнү биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жолугушту. Жер маселеси бейшембиде Данияр Үсөнов жетектеген кеңейтилген жыйында талкууланмай болду.

XS
SM
MD
LG