БИШКЕК. «Ар-намыс» саясий партиясынын демилгеси менен 26-октябрда өткөн бул митингде сүйлөгөндөр тынчтыкты, стабилдүүлүктү сактоого чакырышты. «Куловдун отставкасы - демокартиянын өлүмү», «Биз Бакиев-Кулов тандемин колдойбуз!», «Текебаев,Эшимканов – элдик депутаттар!», «Жарандык согушка жол бербейбиз!» деген өңдүү ураандар илинип турду. «Ар-намыс» саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялиновдун билдиргенине караганда, Феликс Куловду колдоо митинги анын кызматтан кетишин талап кылуу токтомоюнча улантыла берет. Байкоочулардын баамында бул митингге миңдин тегерегинде киши катышты. Алардын көпчүлүгү «Биз коркпойбуз!» деген жазуусу бар кагаздан жасалган төш белги тагынып алышкан.