БИШКЕК. Өкмөт башчы Феликс Куловду кетирүү талабын коюп жаткан нааразылык акциясынын катышуучулары Жогорку Кеңештин кырдаалды жөнгө салуу боюнча кабыл алган чечимине макул эмес. Ошондуктан алар мындан ары парламентти таратууну талап кылышат. Бул тууралуу нааразылык акциясынын катышуучуларынын маалымат жыйынында Кычан Мусабеков мындайча билдирди:
- Парламенттин чечимине макул эмеспиз. Булар өкмөт башчыны кызматтан кетириши керек болчу. Ага толук далилдер бар. Түрмөдө отургандар айтып жатышат Кулов келген, Кулов Батухаев менен сүйлөшкөн деп. Андай фактыларды парламент көңүлүнө албай жатат. Биз эми парламентти таратуу чечимине келдик. Парламент тарагыча ушул жерде турабыз.
Жогорку Кеңеш кырдаалды 25-октябрдагы жыйынында талкуулап, депутаттын өлүмүн иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзгөн.