Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Президент мамлекеттик ишмерлерди ар кандай билдирүүлөрдөн сак болууга чакырды


БИШКЕК. Тергөө иштери жыйынтыкталып бүтмөйүнчө президент Курманбек Бакиев депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаалга эч кандай саясий баа бере албайт. Мындай пикирин мамлекет башчы 25-октябрда кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, ириде бардыгы тыкан териштирилиш керек:

- Башкы прокуратура иштин аягына чыксын. Анан кийин жоопко тартуу эч качан кеч болбойт. Премьер министр болобу, министр болобу, эч качан жоопко тартуу кеч эмес, урматтуу коллегалар.

Бакиев ошондой эле өз сөзүндө өкмөт мүчөлөрүн, депутаттарды ар кандай жаңылыш, популисттик билдирүүлөрдөн сак болууга чакырды. Ошондой эле президент депутаттардын Тынычбек Акматбаевдин кызмат учурунда набыт болгонун эскерип, үй бүлөөсүнө колдоо көрсөтүү, бийлик бутактарынын атынан коомдук-саясий кырдаал боюнча жалпы элге кайрылуу кабыл алуу өңдүү сунуштарын колдоду.

XS
SM
MD
LG