Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Азербайжандык шайлоочулар да бармагын сыя менен бойошот


Азербайжанда 6-ноябрда болчу парламенттик шайлоодо добуш берген адамдардын бармагына сыя белги коюлаарын ырасмий Баку маалымдады. Шайлоонун байкоочулары менен оппозициячыл топтор реформаны колдошту, бирок анын ишке ашырылаарына ишенбесин билдиришти.

Саясый өнөктүк алдында президент Илхам Алиевге каршы төңкөрүш уюштурмак болду деп, бир катар мурдакы министрлер камакка алынды.

Кечээ Азербайжандын апелляциялык соту мурдакы экономика министри Фархад Алиевдин абактан бошотуу жөнүндөгү кайрылууну кайра кайтарды.
Экс-спикер Расул Гулиев башындагы кутумга катышты деп айыпталган Алиев үч айдан бери абакта.

XS
SM
MD
LG