Израилдин ортолугундагы Хадера шаарчасында жанкечти жардырган бомбадан беш киши курман болду. Жарадар адамдардын саны 30га жакын.
“Ислам Жихады” уюму бомба чабуулу Батыш Иорданда жөөт күчтөрү өлтүргөн лашкер башчы үчүн өч алуу экенин “Associated Press” агенттигине кабарлады.
Палестин лидери Махмуд Аббас чабуулду “палестиндердин кызыкчылыгына сокку уруу” деп айыптады. Палестиналык мартабалуу дипломат Саеб Эракат атайын билдирүүсүндө:
-Биз Хадерадагы чабуулду айыптайбыз жана биз мындай кыянат жолго кайра баргыбыз келбейт. Зобундук зобунду алып келет, ок-окко. Биз муну мурда баштан кечирдик. Непада зобун-зордуктар кайра уланса, анын куну израилдиктер менен палестиндер үчүн опсуз чоң болот.
АКШ өкмөтү Палестин жетекчилигин согушчандардын берегидей чабуулдарын токтотууга чакырды. Мындан мурда Израилде жанкечти чабуулу августа болгон эле.
Израилдин коргоо министри Шаул Мафез жанкечтинин чабуулуна жооп кылып Батыш Иорданда палестиналык согушчандарга каршы операция өткөрүүнү буйруду.