Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:15

Парламентти таратуу максатында кол топтоо уланууда


БИШКЕК. 27-октябрда Жогорку Кеңеш кворумдун жоктугуна байланыштуу сессияны баштай алган жок. Парламентин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, депутаттар эми 8-ноябрга чейин округдарда иштөөнү чечти. Ал эми «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев парламентти таратуу максатында жыйналган колдордун саны 300 миңге чамалап калганын билдирип, аны 500 миңге чейин жеткирүү аракети жасалып жатканын белгиледи. Биз коюлган колдорду дыкат текшерип, андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна тапшырабыз. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы аны кабыл алуудан баш тартса, анда сотко кайрылабыз, деди Топчубек Тургуналиев.

XS
SM
MD
LG