БИШКЕК. 27-октябрда №31-колонияга дарыгерлер жана башка кызматкерлер өз ыктыярлары менен киришип, абактагыларга кызматын көрсөтө баштады. Ал эми жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын тартипти көзөмөлдөөчү кызматкерлери кире элек. №3-колониядагы баш ийбөөчүлөр болсо башка жерлерге которулду. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз катчысы Сергей Сидоров билдирди. Ал эми калган жаза өтөө мекемелеринде бардык кызматкерлер өз милдеттерин аткарууда, деп белгиледи Сидоров.