Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Маркум Т. Оморовдун үй-бүлөсү президентке кайрылды


БИШКЕК. 31-колонияга парламенттин эксперти катары барган жеринен 20-октябрда киши колдуу болуп каза тапкан Таласбек Оморовдун үй-бүлөсү президент Курманбек Бакиевге, премьер-министр Феликс Куловго жана спикер Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдоду. Анда Таласбек Оморовдун өлүмү кылдат тергелип, бардык күнөлүүлөр жазаланышы талап кылынган. Маркумдун үй-бүлөсү Таласбек Оморов профессионалдык милдетин аткарып жатып каза тапкандан кийин, мамлекет ага татыктуу баасын бериши керек деп эсептейт. Таласбек Оморов парламенттин депутаты Тынычбек Акматбаев жетектеген коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби комитетинде эксперт болуп иштеген. Таласбек Оморов жаза өтөө тармагында 12 жыл иштеген, парламентте эксперт катары үчүнчү чакырылышта иштеп жаткан. Анын үй-бүлөөсү Жогорку Кеңештен ырасмий көңүл айтуу жарыялоону суранышты.

XS
SM
MD
LG