Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

“Мунай үчүн азык-түлүк” программасындагы коррупция боюнча доклад бүгүн жарыяланат


Бириккен Улуттардын "Мунай үчүн азык-түлүк" деген программасынын алкагындагы коррупция боюнча доклад бүгүн жарыяланууга тийиш. Ал программа боюнча Ирактын мунайы экспорттолуп, андан түшкөн акчага өлкөгө гуманитардык жардам көрсөтүлүп турмак, бирок ири коррупция да орун алган жана Бириккен Улуттардын бир топ жогорку кызматкери акыркы айларда кызматынан кетүүгө аргасыз болду. Докладда - дүйнөнүн 60 мамлекетинин эки жарым миңге жакын компаниясынын аракеттери чагылдырылат жана Ирактын мурдагы өкмөтү андан бир миллиард 800 миллион доллар пайда тапканы тууралуу айтылат. Программа ишке 1996-жылы киргизилген жана анын жалпы баасы 64 миллиард долларга жеткен.

XS
SM
MD
LG