Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Израил Палестина аймагына жаңы аскерий чабуул даярдап жатат


Израил жетекчилигинин айтымында, Палестина аймагында жайгашкан "Исламдык жихад" деген уюмга каршы ири аскерий чабуул даярдалып жатат. Кечээ күнү Израилдин Хадера шаарында бир жан кечти өзүн өзү жардырып жибергенден, беш жөөт жараны курман болгон жана ал аракет үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Исламдык жихад" алган. Бул уюмга каршы чабуул баштоо чечимин жөөт премьер-министри Ариел Шарон менен коргоо министри Шаул Мофаз түндө өткөн шашылыш жыйында кабыл алды. Израилдин аскерий учактары түндө Палестинанын айрым аймактарын бомбалады. Бүгүн болсо "Исламдык жихад" уюмунун жетекчилеринин бири Абдел Халим Иззадиндин кармалганы тууралуу кабарланды.

XS
SM
MD
LG