БИШКЕК. Келээрки жылы Өзбекстан жаратылыш газдын 1 миң кубометринин баасын 55 АКШ долларынын өлчөмүндө экспорттой баштайт. Мындай маалыматты “Узтрансгаз” мамлекеттик кызматы тараткан. Ал маалыматка караганада, Өзбекстандын газы жаңы баада Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанга берилет. Ал эми “Кыргызгаздын” баалар боюнча бөлүмүнөн билдиргенге караганда, азырынча Кыргызстанда газдын баасы жогорулабайт. Учурда газдын баасын туруктуу абалда кармап туруу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.