Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Караколдон маңзат ташылганы аныкталды


БИШКЕК. Коопсуздук кызматы Караколдон Бишкек аркылуу Орусияга нашаа ташуучу туруктуу наркожолдун бетин ачты. 28-октябрда Коопсуздук кызматы тараткан маалымат боюнча Караколдон Бишкекке, Новосибирскиге жана Барнаулга аптасына нашаа салынган 150-200 даана ширеңкенин кутучасы жөнөтүлүп турган. Бир кутучанын баасы Караколдо 450-500 сомго, Бишкекте 800-850 сомго, ал эми Орусия аймагында андан кеминде үч эсе кымбат баада сатылат. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп , тергелип жатат деп билдиришти коопсуздук кызматынан.

XS
SM
MD
LG