БИШКЕК. Коргоо министрлигинин маалымат кызматы 28-октябрда тараткан маалыматка караганда, жума күнү министр Исмаил Исаков Корея Республикасынын Кыргызстандагы аскер атташеси Хен Мун Жун менен жолугушуп, эки тараптуу аскерий кызматташтыктын алгачкы кадамдарын талкуулашты. Буга чейин эки тараптуу аскерий кызматташтыктын багыттары расмий талкуулана элек болчу. Бирок өткөн жылы Антитеррордук коалициянын алкагында Ганси авиабазасында кызмат өтөгөн Кореянын коргоо министрлигинин дарыгерлер тобу 8 миллион сомдук дары-дармек жана мүлкүн калтырып кеткен.