БИШКЕК. Венеция комиссиясынын 64-сессиясы Жогорку Кеңештин спикери, Конституциялык кеңешменин экс-төрагасы Өмүрбек Текебаев 17-июнда сунуштаган долбоору боюнча бир ыктай чечим кабыл алган жок. Мындай кабарды Жогорку Кеңештин маалымат кызматы таратты. Анда белгиленгенге караганда, президенттин атынан комиссиянын отурумуна катышкан юстиция министри Марат Кайыповдун сунушу ушундай тыянакка негиз берди. Министр өз сунушун долбоорду учурда президент Курманбек Бакиев жетектеп жаткан Конституциялык кеңешме иштеп бүтө электиги менен негиздеди. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, Текебаев сунуштаган долбоор бийлик бутактарынын укуктарын теңештирүү максатын көздөгөн жана аны эксперттер ЕККУнун талаптарына дал келет деп баалашкан. Ал эми Марат Кайыповдун айтымында, Текебаев төрага кезинде сунуштаган долбоордо парламенттик башкарууга артыкчылык берилип калган.
Европа Комиссиясындагы укук аркылуу демократияга аттуу Венеция комиссиясынын 64-сессиясы 20-23-октябрда өтүп, ага Кыргызстандан Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, юстиция министри Марат Кайыпов жана президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев катышып келишкен.