Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү парламенттик системага өтүүнү сунуштады


БИШКЕК. 28-октябрда өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев катышкан Конституциялык кеңешменин жыйыны болуп өттү. Анда Конституциялык кеңешменин регламентинин жалпы жобосу кабыл алынды. Ошондой эле Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кеңешменин мүчөлөрү өз ой пикирилерин билдиришти. Бакиев Конституциялык кеңешменин иши жана Башмыйзам тууралуу көз карашын айтып, алдыда болуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жетекчилерди шайлоо боюнча айрым аймактардан, губернатор, акимдерден айыл өкмөтөрүн шайлабай эле аткаруу бийлиги тарабынан дайындоо сунушу келип түшкөнүн маалымдады. Экс-спикер Медеткан Шеримкулов айыл, шаарчалардын жетекчилерин шайлоо менен элдерди шайлоого үйрөтүү керектигин баса белгиледи. Ал эми Редакциялык комиссиянын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов өлкөдө Акаевден калган системаны өзгөртүп, парламенттик системага өтүүнү сунуштады. Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча талкуу ишембиде улантылат.

XS
SM
MD
LG