Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Сот Рысбек Акматбаевге коюлган айыпты кароого киришти


БИШКЕК. Милициянын полковниги Чыныбек Алиевди өлтүргөндүгүнөн шектелген Рысбек Акматбаевге байланышкан сот иши 9-ноябрга жылдырылды. Сот мындай чечимди жабырлануучу тараптын жактоочусунун келбей калгандыгына байланыштуу алардын суранычы боюнча чыгарды. Биринчи май райондук соту тарабынан 28-ноябрда башталган бул сот жараянында Рысбек Акматбаевден тышкары биртууган Нурлан, Мирлан Коноевдер, Муратбек Жумагулов, Эркинбек Мамбеталиев, Ильяс Чекиров, Мухтар Андабаев, Дамир Сейитбеков, Чынарбек Кожалиев айыпталууда. Алар Чыныбек Алиевден тышкары Хаваджи Заурбеков, Нурлан Бердикеевди өлтүргөндүгүнөн жана Турганбаев аттуу атуулдун өмүрүнө кол салгандыгынан шектелүүдө. Айыпталып жаткан тараптар өздөрүнүн күнөөсүз экендигин белгилешүүдө. Ал эми жабырлануучу тараптан катышкан Аскар Алиев айыпталуучу тараптын тарапкерлеринин көп келишин сотко кысым көрсөтүү катары баалады. Сот отурумун судья Аманбек Сариев алып барууда.

XS
SM
MD
LG