Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

САДДАМ ОРУСИЯЛЫК КОМПАНИЯЛАРГА ЭМНЕ ҮЧҮН АРТЫКЧЫЛЫК БЕРГЕН?


АКШнын борбордук банкынын мурдакы төрагасы Поль Уолькер башындагы көз карандысыз комиссиянын билдиришинче, орусиялык саясатчылар менен фирмалар Улуттар Уюмунун “Мунай ордуна азык түлүк” программасына катышуу үчүн Саддам Хусейндин режимине чоң өлчөмдөгү акча беришкен. Уолькердин сөзүнчө, мунай жана гумманитардык келишимдерге жетүү үчүн бул сындуу “паракорчулукка” түрдүү өлкөлөрдөн 2 миңден ашуун компания барган. Бирок алардын ичинен орусиялыктар өзгөчө айырмаланган.

1990-жылдардын башында Ирак Кувейтке басып киргенден кийин, Багдадга каршы эл аралык санкция киргизилген. Андай шартта карапайым элдин тамак-ашка жана даары-дармекке болгон муктаждыгын жеңилдетүү максатында Улуттар Уюмунун “Мунай ордуна азык түлүк” программасы түзүлгөн. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Орусия, Франция жана Кытайдын демилгеси менен негизделген программага жараша 1996-2003-жылдары ирактыктарга өтө зор жардам көрсөткөн. Бул эмгеги үчүн бул үчөөнүн жана башка өлкөлөрдүн фирмалары Саддамдын өкмөтүнөн программа алкагында контракттардын чоң үлүшүн алышкан.

Бейтарап комиссиянын жетекчиси Поль Уолькердин айтымында:

- Саддам бул өлкөлөргө, алардын компанияларына жана адамдарына түздөн-түз артыкчылык берген. Саддам туурабы же натуурабы, эмгеги бааланып, алар санкцияны токтотууга жардамдашаарын туйган. Биздин алгачкы докладыбызда белгиленгендей, саясый карама-карышылыктар жана Улуттар Уюмунун өзүнө, Коопсуздук Кеңешине, секретариатка жана агенттиктерге кысым көрсөтүүлөр программанын тегерегиндеги коррупцияны жана манипуляцияны токтотууга жана жетерлик каршы турууга тоскоол кылганы анык.

Комиссиянын иликтөөсү тастыктагандай, орусиялык компаниялар Ирактан 19,3 миллиард долларга мунай алышкан. Бул программанын чегинде сатылган кара майдын 30 процентке жакыны. Ага жетүү үчүн Ирактын Москвадагы элчилиги аркылуу Саддамдын режимине мыйзамсыз төлөмдөр жасалып турган. Алсак, 2001-жылдын мартынан 2002-жылдын декабрына чейин эле 52 миллион доллар төлөнгөн. Чоң өлчөмдө пара бергендердин арасында “Альфа Эко”, “Лукойл”, “Зарубежнефть”, “Тюменьойл” компаниялары аталат.

Саддамдын саясатын колдошкону үчүн Орусиянын коммунисттер жана Либерал-демократтык партиялары акысына мунай алышкан. Эки партиянын башчылары Геннадий Зюганов менен Владимир Жириновский мунайды жүктөп келүүгө түздөн-түз катышкан. Зюганов комиссиянын катына жооп бербей койгон. Жириновский натуура эч нерсе жасабагынын айтып, чыга берген.

Орусиялык компаниялар, Уолькердин комиссиясынын маалымдашынча, өздөрүнүн ак экенин ырастаган бир да маалымат берген эмес. Бирок көпчүлүгү Улуттар Уюмунун программасын аткарууда эч кандай мыйзамсыздыкка барышпаганын билдиришкен.

Ал эми Белорустун “Белметалэнерго” компаниясы гуманитардык келишимдерди аткаруу жана мунай келишимине жетүү үчүн Саддамдын өкмөтүнө 20 миллион доллар кол акы төлөгөн. Паракорчулукка Германиянын “Сиеменс”, Швециянын “Волво”, АКШнын “Бэйойл” компаниялары да барышканы докладда белгиленет.

Анын натыйжасында, Саддамдын режимине 2 миңден ашуун чет элдик компания 2 миллиард долларга жакын кол акы төлөшкөн.

Иликтөөдө Франциянын БУУдагы мурдакы элчиси Жан-Бернар Мэрриме, британиялык парламентарий Жорж Гэлловей, Италиянын Лмбардия регионунун президенти Роберто Формигони ортомчулук кылып, напа табышты деп шектелет.

Поль Уолькердин айтымында, Улуттар Уюмунун менеджерлери жана агенттиктери тартипти бекем кармашса, мынчалык мыйзамсыздыкка жол берилмек эмес жана топтолгон далилдер Улуттар Уюмунда кеңири административдик реформа жүргүзүү зарыл экенин күбөлөйт.

XS
SM
MD
LG