Башкалаага жакын жайгашкан менен Сокулук районунун Атбашы айыл өкмөтүнө караштуу Акжол айылынын социалдык проблемалары толтура. Кыш-күрөөдө электр жарыгын өчүрүп коюу, жайкысын буртулдаган чаң, кышкысын чайылган баткакка айланган айыл ичиндеги көчө жолдор, буга кошулуп суу көйгөйү айылдыктарды нааразы кылып келет.
Электр жарыгынын улам-улам өчүрүлө бергенине нааразы болгон айылдыктар өткөн жылы Бишкектен «Манас» абамайданына алып барчу канжолду тосушкан. Мындан 35 жыл илгери коюлган суу түтүктөрдүн кыйласы чирип, жарактан чыккан. Суу берилбей калгандан бери чака-челегин көтөргөн бала-чакалар Акжолду жандай өткөн бетон арыктагы сууга жөнөшчү болгон.
Акжол айылнын жашоочусу Гөзал Бадыршаеванын айтымында, балит суудан ичип ооругандар көбөйүүдө:
- Мына биз дагы арык суусуна барып, балдарыбыздын жалаягын жууганга суу алабыз. Ооруп аткандар бар, суудан оору жугат да. Бизди таза суу менен камсыз кылышсын.
Башкалаанын жанында турган кыштактын кыйла күн суусуз отурушунун чоо-жайын айылдык мугалим Жаңылкан Муслимова мындайча баяндайт:
- Жаш балалуулар бар, кары-картаңдар бар, пенсионерлер бар. Азыр айылда жалаң эле ошондойлор калды. Азыр орозо, эртең менен эрте туруш керек, даарат алыш керек. Анан ушундай кезде өчүрүп салып жатышпайбы. Айыл ичинде 29 миң сом электрге карызбыз дешет. Анын 22 миңи мектеп карызы, калганы айылдыктардын карызы дешет. Ошону силер төлөмөйүн атайын өчүртүп салдык дешти. Бул жерде депутат шайлоодо күн-түн чуркап жүргөнбүз. Депутатыбыз эң биринчи элиме таза суу деген эле. Өскөмбаев Дамир биздин депутат. Эмне себептен бизде ушундай проблема? Борбордон 10 мүнөт эле алыс турабыз. Мына мектебибиз кулап атат. Мына суу жок, кимге барып каяктан чечээрди билбейбиз.
Акжолдуктар айла жок арык суусуна жуунуп, аны пайдаланып жатышканына нааразы экенин Рыскүл Аманбаева да айтты:
- Арыктын суусуна жуунабыз, идиш-аякты жууйбуз, бети-колду жууйбуз. Ал суу бетон арык менен талаадан, ары дача жактан келет. Арыктын суусу – ылай суу, балээнин баары анда агып келет. Баланын жалаяктарын ошого жууйбуз.
Айылдыктардын таза суу көйгөйүн жаңы эле угуп жатканын Сокулук районунун акиминин орунбасары Фарида Усупбекова жашырган жок.
- Aйылдарда электр жарыгы бар, анын акысын төлөбөгөндөрдүкүн өчүрүп коюп жатышат. Суу боюнча мен азыр так айта албайм, мүмкүн суу акысын төлөй алышпагандыктары үчүн суу бербей коюшкандыр.
Фарида Усупбекова электр акысын төлөбөгөндүктөрү үчүн энергия берилбей, ошондон суу чыгарчу жабдуулар иштебей калган болуу керек дейт.
- Башка айылдарда суу бар, баары тынч. Айылдыктардын жыйындарына барып жүрбөйбүзбү. Эки жума мурда Акжолдо деле болгонбуз. Бирок баары тынч болчу.
Район акиминин орунбасары айыл ичиндеги жолдорду айыл өкмөтү жасашы керек, шайлоо болсо ал деле чечилип калышы ыктымал деген пикирде.
Кыргызстандагы башка айылдардай эле Акжол айылында деле көбүнесе кары-картаңдар, жаш балдар калышкан. Социалдык проблемалардын оорчулугу деле ошолордун мойнуна түшүүдө.