Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Кыргызстан айрым өлкөлөрдөгү Совет доорунан калган карыздарын өндүрүү маселесин козгоодо


БИШКЕК. Постсоветтик алты мамлекетте Кыргызстандын баш аягы 31 миллион 500 миң доллар аласасы бар. Алардын ичинен Украина Кыргызстанга 27 миллион доллар, Тажикистан 2 млн, Молдова 400 миң, Литва 84 миң доллар карыз. Ал эми Совет убагынан калган 600 миң доллардай карызы бар Эстония бул карызды төлөй турган ою жок. 27-октябрда Таллинде болгон маалымат жыйынында Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Паэт Эстония Эстон ССРинин мураскери эмес, деп билдирди. Эстон министринин айтымында, кыргыз тарап бул карыз боюнча ырасмий доо койо элек. Эстония Совет убагындагы карыздар боюнча доомат артууну туура эмес деп эсептейт. Совет доорундагы Кыргызстандын аласаларынын тагдырын каржы министрлиги 18-октябрда талкуулап, аларды өндүрүү маселесин көтөргөн.

XS
SM
MD
LG