БИШКЕК. 31-октябрда Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер, коргоо министрлеринин жана коопсуздук кеңеш катчыларынын орун басарларынын жыйыны болот. Ага Кыргызстандан тышкы иштер министринин орун басары А. Бешимов, коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары В. Хан жана коргоо министринин орун басары К. Орузбаев катышмакчы. Анда ушул жылдын ноябрь айында боло турган уюмдун тышкы иштер, коргоо министрлеринин жана коопсуздук кенеш катчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартиби талкууланат. Мындан сырткары Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Бириккен улуттар жана аймактык уюмдар менен эл аралык, аймактык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы кызматташтыгынын негизги багыттары боюнча маселе да талкууга алынышы күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан 29-октябрда кабарлашты.