Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

“Ашар” кыймылы кыргыз тили мамлекттик жана расмий тил катары башмыйзамга жазылышын көздөөдө


БИШКЕК. Кыргыз тили мамлекеттик да, расмий тил катары да Кыргызстандын Конституциясына жазылсын деген демилге менен чыгышкан “Ашар” кыймылы 29-октябрда Конституциялык Кеңешменин жана анын редакциялык коллегиясынын мүчөлөрүнөн турган мамлекеттик тил штабын түзүү боюнча чечим кабыл алды. Ашарчылардын бүтүмү боюнча, Кыргыз мамлекетинде бир гана кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болушу жана башка тилдердин өнүгүүсүнө эч кандай тоскоолдук болбоосу керек делген беренелер башмыйзамга жазылуусу зарыл. “Акаевдин бийлиги эне тилибизди басмырлап анын өз мекенибизде керексиз болуусуна жетишти. Биз эми куру сөзгө ишенбейбиз. Биз кыргыз тилин кантип мамлекеттик тил кылуу керек экенин жакшы билебиз. Бул демилгени атпай журт колдойт деген үмүттөбүз”, деп белгиленет аталган кыймыл ишембиде тараткан билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG