Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

“Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылы парламенттик республикага өтүүнү колдойт


БИШКЕК. “Кыргызстан” саясий кыймылы Кыргызстан парламенттик республика болушу керек деп эсептейт жана бул багытта Конституциянын жаңы долбоорун өз алдынча жазып жатат. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин ишемби күнкү жыйынында Роза Отунбаева билдирди. Конституциялык кеңешменин жыйынында парламенттик республикага өтүү сунушу көп айтылууда. Мындай пикирди кеңешменин мүчөсү, ишкер Өмүрбек Абдрахманов да колдойт:

- Президенттик-парламенттик республика эмне экенин биз да көргөнбүз. Ошондой эле коңшу мамлекеттер эмне болуп атат. Андагы президенттердин дале тактан кетейин деген ою жок, - дейт Өмүрбек Абдрахманов.

Конституциялык кеңешмеде Башмыйзамды дароо кыргыз тилинде жазуу сунушу көп айтылууда. Бирок юридикалык терминдер жана сөз айкаштарынын көбү кыргызчага которулбайт деген негиз менен ага каршы болуп жаткандар да бар. Конституциялык кеңешменин эмки жыйыны 5-ноябрга белгиленди.

XS
SM
MD
LG