1971-жылы туулган, Ош шаарындагы Акалтын көчөсүндө жашаган Азизулла Тешаев туугандарынын айтымында, акыркы үч айда ооруусуна байланыштуу эч жерде иштеген эмес. Апасы Саида Тешаева уулу Азизулла 11-октябрь күнү эртең менен үйдөн чыккан боюнча кайра кайрылып келбегендигин билдирди:
- Мен азыр бир жака кетип жатам, бирөөгө жолугуп эле кайра келем деген эле. Мен болсо ооз ачарга чейин келип кал, жаның аллага аманат деген элем. Ошол боюнча келген жок, чөнтөк телефону да албады. Алладан тилеп, ыйлап отурам. Менин балам ошентип жок болуп жатат. Айткыла, дегиле, баламдын үйгө келишине жардам бергиле.
Азизулла Тешаевдин бир тууган эжеси Махмуда Камилова инисинин Анжиян окуясына катыштыгы бардыгын тактоо боюнча Ош шаардык ички иштер башкармасы мурда бир ирет чакырткандыгын белгиледи. Махмуда Камилованын айтымында, Азизулла Тешаевдин жоголуп кетиши Өзбекстандын атайын кызматтарынын колунан келиши мүмкүн:
- Биз милицияга барсак, алар бизге иниңер келген жок деп жооп беришти. Биз чакырткан повестканы көрсөтсөк, алар алып туруп жыртып жиберишти. Ошондон кийин ойлоп калдык, милиция балдар да инибиздин жоголуп кетишине себепкер го деп. Алар Азизулла жөнүндө кабары бар үчүн повестканы жыртып жиберишти окшойт. Эми болсо биз эч нерсени билбейбиз деп жатышат.
Жоголуп кеткен Азизулла Тешаевдин жубайы Адина Тешаева күйөөсүнүн акрамийлер менен кызматташкандыгын билбестигин айтуу менен анын намыскөй, такыба адам экенине токтолду:
- Күйөөм жаштыгынан намаз окуйт эле. Мен келгенде да намазды калтырбай окуп жүрчү. Кетер күнү да эч нерседен капары жок үйдөн чыгып кетти эле. Арак ичпеген, тамеки чекпеген, жаман жолдо жүрбөгөн адам жолдошум.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Азизулла Тешаев Анжиян окуяларына катышы бар деп шектелип, Өзбекстандын тартип коргоо органдары тарабынан издөөдө болуп келгендигин айтышты. Мындан сырткары алар Тешаевди бир канча жолу суракка чакыртып, таппай келишкендигин белгилөө менен интервью берүүдөн баш тартышты. Анткен менен бир катар бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү Өзбекстан кылмышкер деп эсептеген кыргыз атуулдарын уурдап кетүүнү адатка айландыра баштады деген тынчсызданууларын билдиришти:
- Өзбекстандын атайын кызматтары өздөрүнө зарыл деп эсептеген кыргыз атуулдарын уурдап кетишип, ал жактан тергеп, камап жатышы жаңылык деле болбой калды окшойт. Эгер ал адамдар чындыгында эле кылмышкер болушса, мыйзамдын негизинде кыргыз бийликтеринин макулдугу менен иш козгосо болот го. Тилекке каршы чегарадан жашыруун өтүп келип, тоок уурдагандай уурдап кетиши биринчи кезекте кошуначылыкты сыйлабастык. Мындай мамиленин аягы жакшылык менен бүтпөйт, – дейт “Биримдик” бейөкмөт уюмунун өкүлү Нургазы Сарыгулов.