Аталган уюмдун өкүлчүлүгү эбак жабылган, анын үстүнө террордук топтордун Сирияга келишине бийликтер эч качан жол койгон эмес, деп айтылат өлкөнүн тышкы иштер министрлиги таркаткан билдирүүдө. Жакында Израилдин Хадера шаарындагы террордук окуя үчүн жоопкерчиликти “Ислам жихады” өзүнө алган болчу, ошондон кийин Жакынкы Чыгыш проблемасын жөнгө салуу боюнча төрт арачы – ООН, Евросоюз, АКШ жана Россия аталган уюмдун өкүлчүлүгүн жабууну Сириядан талап кылышкан эле.