Прокурордун айтымында, Льюис Либби ЦРУнун жашыруун тыңчысын элге ашкере кылгандардын бири. Мындай иш АКШда чоң кылмышка жатат. Бул жагдайды президент Жорж Буш “өтө олуттуу” кырдаал деп атады. Эгер Либбиге коюлган айыптар сотто тастыкталса, ал отуз жыл түрмөгө кесилиши мүмкүн. Ушул эле иш боюнча президент Буштун кеңешчиси Карл Роув да тергелип жатат, азырынча ага айып тагыла элек.