Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бишкекте Түркиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү өттү. “Учур” телетеатры “Алыкул”, Улуттук академиялык театр “Сүйүү арманы” аттуу пьесалардын бет ачарын тартуулашты. Маданият кызматкерлеринин күнүнө даярдыктар көрүлүүдө.

Түрк элчилиги жана Кыргызстандын Маданият министрлигинин демилгеси менен уюштурулган Түркиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында 24-октябрда “Түрк жана кыргыз эл музыкалары” аттуу концерт болду. Эки саатка созулган бул концертте Түркиянын ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Андан тышкары Кыргызстандан “Акмарал” бийчилер тобу ошондой эле “Камбаркан” этнографиялык ансамблинин артисттери өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпиль Альпмандын айтымында эми Кыргызстандагы маданият ишмерлери Түркияга тажрыйба алмашуу үчүн барып турушмакчы. Бул иш чаранын алкагында октябрдын жыйырма алтысынан отузуна чейин Улуттук тарых музейинде түрк өндүрүшүнөн чыккан буюм-тайымдардын жарманкеси өттү. Иш чара 29-октябрь күнү “Ататүрк” паркында чакан салтанат менен жыйынтыкталды.

“Учур” телетеатры кыргыздын улуу классик акыны Алыкул Осмоновдун 90 жылдык мааракесине карата Медетбек Сейиталиевдин поэтикалык драмасы боюнча коюлган “Алыкул” аттуу спектаклдин бет ачарын тартуулашты. Аны менен катар Т.Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрынын артисттери Керез Зарлыкованын пьесасына коюлган “Сүйүү арманы” спектаклинин премьерасын көрсөтүштү. Оюнду койгон режиссер Замир Сооронбаевдин айтымында, белгилүү режиссер, Искендер Рыскулов мындан бир топ жыл мурда мына ушул спектаклдин үзүндүсүн көрүүчүлөргө тартуулаган:

- Маркум Искендер Муратбековичтин дипломдук ишке койгон бул спектаклинин үзүндүсүн көргөн элем. Бирок бул бүтө элек пьеса экен. Анан мен Керез Зарлыковадан аягына чейин бүтүрөлү деп суранып, анын үстүндө иштедик. Биз бир эле убакта эки аялдын жан дүйнөсүн ачып бергенге аракет жасадык.

Ишемби, жекшемби күндөрү Улуттук филармонияда маданият министрлиги “Кадыр түндү бирге тосолу” деген кайрымдуулук концертин өткөрдү. Маданият министрлигинин башкы адиси Исак Сартбаевдин айтымында, концерттен түшкөн каражат 2-ноябрда боло турган маданият кызматкерлеринин күнүндө өткөрүлүүчү иш чараларга жумшалат. Учурда маданият кызматкерлеринин күнүнө карата кызуу даярдык көрүлүүдө.
XS
SM
MD
LG