Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Аба ырайы


БИШКЕК. 31-октябрда республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланышы күтүлөт. Тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +7...+12 градус жылуу. Талас менен Ысыккөл облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +6...+11 градус жылуу болот. Баткен, Жалалабат, Ош дубандары боюнча түнкүсүн +4...+9, ал эми күндүз +10...+15 градус жылуу. Нарын жергесинде түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу, күндүз +6...+11 градус.

Борборубуз Бишкекте жамгыр жаашы күтүлөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрүп турат. Абанын температурасы: түнкүсүн +3...+5, күндүз +9...+11 градус жылуу болот деп билдиришет, Кыргызстандын синоптиктери.

Жекшембилик кабарларды Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG