БИШКЕК. 2-ноябрда маданият жана көркөм өнөр адамдарынын кесиптик күнү белгиленет. Ага карата маданий иш чаралар ишемби күнү башталды. Опера балет театрында “Вена вальсы” балетинин бет ачары тартууланып, Акталаа районунан келген “Ак мөөрдүн сиңдилери” деген топтогу 60 жаштан 75 жашка чейинки байбичелер өз өнөрлөрүн Бишкектиктерге тартуулашты. Бул тууралуу маданият министри Султан Раев 30-октябрда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Коңур күз” сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү, “Маданият – жаңыча көз караш” деген аталыштагы көргөзмө уюштурулуп, искусство чеберлеринин чоң программадагы концерти тартууланат. Ал эми 2-ноябрда маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата өткөрүлүүчү салтанатта 16 искусство чеберине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылып, “Кыргыз маданияты жана маданият жылдыздары” деген жаңы тартылган даректүү тасма көргөзүлөт.