Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын Жалалабат бөлүмү жыйын өткөрдү


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук бөлүм өлкөдөгү соңку кырдаал жана партиянын алдында турган иштерин чыңдоо маселесин талкуулады. Кылмыш дүйнөсүнүн демилгени колго алып, мыйзамдуу бийликке үстөмдүк кылгандыгы жана соңку жумалардагы толкундоолор коомчулукка дүрбөлөң салып жаткандыгы сынга алынды. Март ыңкылабынан кийин өкмөттүн үзгүлтүксүз иштөөсүнө ар түрдүү саясий оюндар тоскоолдук кылып жаткандыгынан тынчсыздануулар айтылып, бийлик менен парламенттин эриш-аркак жана принципиалдуу иш жүргүзүүсүнө, ошондой эле ага мүмкүнчүлүк берүү тууралуу сөз болду. Партиянын жер-жерлердеги таасирин күчөтүү үчүн тартипти чыңдап, мүчөлүк акы төлөөнүү мыйзамдаштыруу жагы саясий уюмдун жакын арадагы курултайына сунуш кылды. Бул тууралуу партиянын облустагы төрагасы Ашым Чатаев билдирди. Төраганын маалыматына ылайык, облуста “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жыйырма бир миң мүчөсү жана бардык район, шаарларда бөлүмдөрү бар.

XS
SM
MD
LG