ЖАЛАЛАБАТ. Талкууга катышкан бейөкмөт жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү менен журналисттер адам аткезчилигин пайда кылган себептерди изилдешти. Жакырчылык менен жумушсуздуктун жана жашоо турмуштун начардыгынан көпчүлүк кыз-келиндер алдамчы фирмалардын, адамдардын тузагына илинип, чет өлкөлөрдө кордолуп жүргөндүгү белгиленди. Акча табуу максатында Орусия менен Казакстанга жалданып кетип, Ата мекенине кайта албай жүргөн эмгек мигранттары да аз эмес. Облустагы “Каниет” кризисттик борборуна Түркияда секс күңүнө айланган жана Бишкек шаарында сырттан акчага сатылган алты кыз-келинден арыз түшкөн. Кризисттик борбор үчөөнө моралдык-психологиялык колдоо көрсөткөн, бирок калгандары борбор менен байланышын үзүп кетишкен. Мыйзамсыз адам сатууну токтотуу максатында өлкөдө жумушчу орундарын көбөйтүү менен турмуш деңгээлин жакшыртуу жана эл ичинде мектептер менен окуу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле маалымат иштерин өркүндөтүү сунуштары айтылды.