Бул маселе эртең талкууланат. Дамаск Ливандын мурдагы өкмөт башчысы Рафик Хариринин өлүмүн иликтеген БУУнун комиссиясы менен кызматташпай койгондугу үчүн күнөөлөнүүдө. Комиссия 14-февралда болгон кол салууга Сириянын коопсуздук кызматынын бир катар жогорку даражалуу өкүлдөрү катышкан деген жыйынтыкка келди. Сириянын президенти Башар Асаддын кечээки буйругу менен БУУнун тергөө тобу менен кызматташа турган атайын юридикалык комитет түзүлдү. Дамаск Хариринин киши колдуу болушуна тиешеси жоктугун айтып, БУУнун иликтөөсүнүн артында саясий себеп турат, деп ырастоодо.