Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:48

Индияда полиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат

Кечээ Делиде базарда жана автобуста бир эле мезгилде үч бомба жарылып, соңку эсептерде 61 киши набыт болду. Бул ишке байланыштуу шек туудурган 150 киши кармалды. Премьер-министр Манмохан Сингх муну террористтер жасады деп эсептейт. Алар бул кыянаттарды, премьердин айтымында, индустар менен мусулмандардын диний майрамдарынын алдында өлкөдөгү кырдаалды курчутуу максатында жасашты. Премьер Сингх өлкөнүн калкын тапалаңга түшпөй, аңырт кептерге ишенбей сабырдуу болууга чакырып, өкмөт тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, террорчуларды жок кылуу үчүн баарын жасай тургандыгына ишендирди. Кечээки окуя үчүн жоопкерчиликти мурда аты белгисиз Кашмирдеги ислам тобу өзүнө алды.
XS
SM
MD
LG