Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Шахмат боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Каспаров Путинди катуу сынга алды


Кечээ күнү Маскөөнүн борборунда, Федералдык коопсуздук кызматынын имаратынан алыс эмес аянтта оппозиция митинг өткөрүп, анда шахмат боюнча дүйнөнүн мардагы чемпиону Гарри Каспаров, "Яблоко" партиясынын жетекчиси Григорий Явлинский жана башкалар чыгып сүйлөдү. Каспаровдун айтымында, президент Владимир Путин азыр бардык демократиялык эркиндиктерди чектеп салды жана кайрадан советтик тартип орнотууга киришти. Явлинскийдин айтымында, Орусиянын үч мууну террор абалында жашады. Митингге беш жүзгө жакын адам катышты, анда - абакка отургузулган Михаил Ходорковскийди колдоого алган сөздөр да айтылды.

Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады

XS
SM
MD
LG