Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:11

Иракта өкмөттүн кеңешчиси, вице-президенттин бир тууганы атып өлтүрүлдү

Кечээ күнү Иракта өкмөттүн кеңешчиси Галиб Абдул Мехди жана анын айдоочусу атып өлтүрүлдү. Мехди - Ирактын вице-президенти Адел Абдул Мехдинин бир тууганы болчу. Андан тышкары, кечээ күнү Пентагон жарыялаган маалыматка караганда, 2004-жылдын 1-январынан тартып Иракта бардыгы болуп 26 миң өлкө жараны курман болду. Ирактын түндүгүндөгү Тал Афар шаарынын алдында болсо көмүлгөн 14 адамдын денеси табылды, алардын он экиси - башына ок атылып өлгөн, экөөнүн баштары болсо кесилип салынган. Денелер жума күнү табылган, бирок ал тууралуу маалымат кечээ күнү гана жарыяланды.
XS
SM
MD
LG