Индиянын борбору Дели шаарында 29-октябрда болгон жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө - мурда дээрлик белгисиз болгон кашмирлик уюм алды. Өлкөнүн премьер-министри Манмохан Сингхтин айтымында, террорчулардын аракет жайышына өкмөт мүмкүндүк бербейт жана жапа чеккендерге бардык талаптуу жардам көрсөтүлөт:
- Мен азыр эле ооркуканага барып келдим. Доктурлар колунан келгендин баарын жасап жатат. Дарылоонун чыгымдарын толугу менен өкмөт өзүнө алат жана жапа чеккендин баары сакайып кетиши үчүн өкмөт бүткүл мүмкүн болгон чараларды көрөт.
Бардыгы болуп алтымыштан ашык адам курман болду жана эки жүздөн ашык киши жараат алды. Эксперттердин айтымында, бул жардырууларды уюштургандар Индия менен Пакистан ортосуна жик салууну көздөгөн.