Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Жалалабат облусунда элдик ыңкылапты коргоо комитеттери түзүлүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. Март ыңкылабын коргоо боюнча түзүлгөн облустук комитет өз жыйынында комитеттин жер-жерлердеги бөлүмдөрүн ачуу жана ыңкылапчылардын тартибин сактоо маселесин талкуулады. Жыйын элдик ыңкылаптын Жалалабат шаардык комитетине Кылычбек Маматаевди, Базаркоргон райондук комитетине Төрөкан Алимовду дайындоо жөнүндө чечим кабыл алды. Башка шаар-райондордо комитеттин бөлүмдөрүн ачуу иши мындан ары жүргүзүлөт. Комитетке ыктыярдуу мүчөлөр кабыл алынууда жана алардын саны 17 миңге жетти. Бул тууралуу элдик ыңкылаптын облустук комитетинин төрайымынын орунбасары Акрам Сакиев билдирди. Комитеттин максаты - ыңкылап жеңиштерин контрреволюциялык аракеттерден сактоо, бийлик менен өкмөттүн өндүрүмдүү ишине шарт түзүү. Коомчулуктун пикири боюнча, март айында облбийликтин алдында экс-президент А. Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылгандардын арасында бийлик алмашууга кошкон салымын милдет кылгандар, революциянын атына жамынгандар аз эмес. Алардын арасында кызмат талашып, каражат талап кылгандар бар. Имарат-мекемелерди жана жер басып алууларга катышкандары болгон.

XS
SM
MD
LG