Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Кыргыз өкмөтү менен «Ганси» аскердик базасынын ортосунда келишим даярдалууда


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү менен «Манас» аба майданында жайгашкан эл аралык аскер базасынын ортосунда жаңыдан келишим даярдалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министринин орун басары Бакирдин Жолчуев маалымдады. Анын айтымында, аталган келишимде эгерде келечекте эл аралык аскер базасынын учактары тарабынан абадан Кыргызстандын аймагына күйүүчү май төгүлө турган болсо, күйүүчү май төккөн тарап тоннасына эки жүз доллардан айып пул төлөөрү каралууда. «Аталган келишим эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан кол колюлгандан кийин күчүнө кирет», - деп кошумчалады министрдин орун басары.

Үстүбүздөгү жылдын 24-25-сентябрь күндөрү эл аралык аскер учактары тарабынан Кыргызстандын аймагына сексен тонна күйүүчү май төгүлгөн. Аскердик базанын жетекчилиги мындай иш чара качан аскер учагы жерге коно албай калганда, учкучтардын өмүрүн сактап калуу максатында, эң жогорку ылдамдыкта, жогорку бийиктикте төгүлө тургандыгын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG