Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Бейөкмөт уюмдар шайлоодо аялдарды колдоого үндөөдө


БИШКЕК. Кыргызстандагы аялдардын бейөкмөт уюмдары коомчулукту алдыдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоодо аялдардын талапкерлигин колдоого чакырууда. Аялдардын бир катар бейөкмөт уюмдары белгилешкендей, парламенттик шайлоодой эле бул ирет да, аялдардын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Анын себептеринин бири - аялдардын материалдык ресурстарынын жетишсиздигинде. Ошондуктан, аялдардын бейөкмөт уюмдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аялдардын көбүрөөк шайланышы үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшөт. 2001-жылы өз алдынча башкаруу органдырына жетекчиликке шайлангандардын ичинен 4 пайызын гана аялдар түзгөн. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө кыргыз парламентинде бир да аял жок, ал эми өкмөт мүчөлөрүнүн арасында бир гана аял бар.

XS
SM
MD
LG