БИШКЕК. 17-июндагы окуя – бул контрреволюция болгон. Анын уюштуруучулары катары күнөөлөнүп жаткан адамдарга карата кылмыш иштери мыйзам чегинде ачылып, тергөө амалдары улуттук коопсуздук кызматы тарабынан улантылууда. Бул тууралуу 31-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов маалымдады. Ал эми өткөн аптада 17-июндагы окуянын катышуучулары президентке, премьер-министрге, парламент төрагасына жана баш прокурорго кайрылуу жолдошкон. Анын ээлери июндагы окуяга катышкандыгында күнөөлөнгөндөр негизсиз түрдө кылмыш жообуна тартылып жаткандыгы, бул окуя өлкөдө легитимдүү бийлик жок кезинде болгондугу тууралуу айтылган. Анда ошондой эле 24-мартта элдик ыңкылап болгон эмес, демек июндагы окуяны контрреволюция деп айтууга негиз жок, деп белгиленген.