БИШКЕК. «Ашар» коому кыргыз тилине мамлекеттик жана расмий тил макамын берип, орус тилинен расмий тил макамын алып салуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу аталган коомдун өкүлдөрү 31-октябрда Бишкекте өткөргөн жыйында талкууланды. Ошондой эле жыйындын катышуучулары келечекте Баш мыйзамга мындай эрежени киргизүү боюнча жети пункттан турган сунуш долбоорун иштеп чыгышты. Алар мындай сунуштарын Конституциялык кеңешмеге сунуштоо чечимине келишти. «Ашар» коому 1989-жылы кыргыз тилин колдоо боюнча жүздөгөн атуулдардын колун топтошуп, мамлекеттик тилдин кабыл алынышына салым кошкон.