Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ УЧУР ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШ КЕЛБЕЙБИ?


Айрым укук коргоо уюмдарынын билдиргенине караганда, жаза мөөнөтүн өтөөчү жайларда кылмыш жообуна тартылгандардын саны көбөйүүдө. Алардын көпчүлүгү кылган күнөөсүнө жараша эмес, Кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелеринин учур талабына жооп бербегендигинен жазага тартылып, абактарда отурушат. Коомчулукта Кылмыш жаза кодексин реформалоо керек деген пикирлер айтылууда.

Байкоочулар 1997-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Совет Биримдиги кезинде түзүлгөн Кылмыш-жаза кодексинин эле көчүрмөсү катары баалашууда. Айрым беренелери гана өзгөртүлүп жалпысынан мурдагы тоталитардык доордун системасынан чыга албай калган деген көз караштар арбын.

Ал эми мыйзамда Кылмыш-жаза кодекси мыйзамдуулуктун, жоопкерчлиликтин, адилеттиктин, демократиялуулуктун, гумандуулуктун, ошондой эле атуулдардын мыйзам алдында теңчилигинин жана кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчликтин шексиз экендигинин талаптарына негизделет, деп жазылганы менен көпчүлүк учурда карапайым калктын укугу тартип коргоо органдары тарабынан тебеленип атканын Акыйкатчы инсититунун жетекчилиги республика аймагындагы жаза өтөө мекемелерин текшерип келишкенден кийин коомчулукка билдиришти. Акыйкатчынын орун басары Садык Шернияз ал туурасында төмөнкүлөргө токтолду:

- Акыркы окуяларга байланыштуу Акыйкатчы институту Жаза өтөө башкармалыгынын абакатарын текшерип, жаза өтөгөндөрдүн жашоо шарты менен жакындан таанышып бетме-бет сүйлөшүп келдик. Камакта отургандардын көпчүлүгү тоок уурдагандар, бир кап картошка уурдагандар. Кээ бирөө бир кап ун уурдап, оор жазага тартылып, узак мөөнөткө түрмөгө кесилиптир. Себеп дегенде, бул тоталтитардык системанын таасири. Мисалы, миллиондогон акча уурдагандар эркин жүрүшөт дагы, майда кылмыш кылгандар оор жазага тартылат. Биз Вознесеновкадагы балдар колониясына барганда, кээ бир өспүрүм балдар шоколад уурдап кесилип кеткенин көрдүк. Албетте, бул жосунсуз нерсе. Мындай нерсе Кыргызстанда болбошу керек.

Садык Шернияздын пикиринде, майда кылмыштар өлкөдө социалдык-экономикалык кырдаалдын начардыгынан келип чыгууда. Ал эми атуулдардын майда кылмышка баруу себептерин дыкат изилдеп, бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечүү керек. Акыйкатчынын орун басары ошондой эле, өспүрүмдөрдү кылмыш жообуна тартуу маселеси боюнча ЮНИСЕФ менен Юстиция министрлиги биргелешип жазып аткан кодекске Акыйкатчы инчситутуту да кошумча сунуштарды жолдогонун билдирди.

Кылмыш-жаза кодексин реформалоо тууралуу маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлө баштады дейт, парламенттин депутаты Искендер Гайпкулов.

- Беренелерди либералдаштыруу керек. Менин оюмча, Кылмыш жаза кодексинин айрым беренелеринин туура эместигинен, түрмөгө кесилген адамдар тарбияланып чыкпай эле, кайра кылмышкер болуп чыгып атпайбы. Бул маселе депутаттар арасында да талкууланууда. Менимче, бул маселе сөзсүз кайрадан каралышы керек.

Ал эми президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун аталган комиссия тарабынан Кылмыш-жаза кодексин реформалоо боюнча демилге көтөрүлүп, учурда комиссиянын юристтери кодекстин беренелери менен таанышууда, деп билдирди.

Акыйкатчынын орун басары Садык Шернияз Кылмыш-жаза кодексин реформалоо боюнча парламентке сунуш даярдалып жатканын, эгерде долбоор даяр болсо жогорудагы маселе эки-үч жылда ишке ашышы мүмкүн экендигин кошумчалады:

- Ушул иш эки-үч жылдын ичинде ишке ашып калса, анда коомчулук үчүн жакшы иш кылган болот элек.

XS
SM
MD
LG