Канаданын Азык түлүк агенттигинин өкүлү Жим Кларк кечээ күнү тараткан маалыматка караганда, өлкөнүн Квебек жана Манитоба провинцияларында куш ылаңы табылды. Бирок кошумча текшерүүлөрдү өткөрүп бүтүү үчүн дагы бир апта убакыт керек. Буга чейин куш ылаңы бир нече европалык мамлекетте табылган, алардын арасында Орусия, Румыния, Түркия жана Хорватия бар. Мындан эки жыл мурда Түштүк-Чыгыш Азияда куш ылаңынан алтымыштан ашык адам курман болгон, кечээ күнү Таиланддын медиктери жарыялаган маалыматка караганда болсо, өлкөдө бир аялга бул оору жуккандыгы такталды.