Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Аба ырайы


БИШКЕК. Метеорология борборунун маалыматы боюнча, 2-ноябрда Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Бир гана түнкүсүн Ысыккөл облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жеткен жел жүрөт. Ал эми Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу, күндүз +12...+17 градус. Талас дубанында түнкүсүн -4 градустан +1 градускка чейин жылуу, ал эми күндүз +10...+15 градус жылуу болот. Республиканын Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +16...+21 градус. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу болот. Күндүз +9...+14 градустун айланасында. Нарын жергесинде түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +8...+13 градус жылуу.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн +1...+3, күндүз +15...+17 градус.


Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор - Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG