БАТКЕН.Тажик атуулдары үч ооган улутундагы куралчан кишилерди Тажикстандын Исфара району менен Кыргызстандын Баткен районунун чектешкен аймагында көрүшкөнү туурасында маалымат 1-ноябрь күнү Шураб шаардык бийлигинин аппарат башчысы Максуджон Мамаджоновдон алынды. Мындай маалыматты такташтыруу максатында, чек ара тилкесине көз салып жатышкан Баткен чегара бөлүгүнө кайрылганыбызда, эч кандай чоочун куралчан кишилердин чегараны басып өткөнү тууралуу маалымат жоктугун билдиришти.