БИШКЕК. Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов бул кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок. Анткени, анын үстүнөн эки кылмыш иши ачылган. Бул тууралуу 1-ноябрда «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев маалымдады:
- Дастан Сарыгуловдун үстүнөн «Макмал» алтын комбинатындагы иштеген учурдагы мыйзам бузуулар үчүн жана «Кумтөр» ишканасына байланыштуу кылмыш иштери ачылган. Мен ага айттым, эмне үчүн билип туруп, мамлекеттик катчы кызматын ээлеп алдың деп. Ал мага билген эмесмин деп айтты. Курманбек Бакиев ага кызматты өзү сунуштаган учурда да Сарыгулов андан баш тартышы керек эле.
Ал эми Дастан Сарыгулов болсо, Тургуналиевдин айтканына карата “Азаттыкка” «Макмал» боюнча сот иши каралгандыгын билдирди.